Меню
Эл-Сөздүк

Альтернативалык (теңата) добуш берүү

АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК (ТЕҢАТА) ДОБУШ БЕРҮҮ – мажоритардык шайлоо тутумундагы анын жыйынтыгын арттыруу үчүн колдонулуучу добуш берүү ыкмасы. Бир эле жолкуда эки, үч, төрт жолку добуш берүү натыйжа берет. А. д. б. Шайлоочу бюллетенге өзү каалаган ар бир талапкерге карата мамилесин билдире алат. Эгер добуш санай келгенде биринчи жолку эсепте эчбир талапкер басымдуу көпчүлүк добушка ээ боло албаса, андан аз добуш алган талапкердин добушу калган талапкерлерге экинчи орундагыга жараша бөлүштүрүлөт. Бул жолжобо добуштарды эсептөөдө талапкерлердин бири басымдуу добуш алганга чейин улантылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: